EgyptAir 804 каттамындагы кырсык

Википедия дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
EgyptAir 804 каттамындагы кырсык
Жайгашкан жери Жер ортолук деңиз, Александрия
Жайгашуу координаттары 33°40′33″N 28°47′33″E
Убакыт маалы 19 май 2016
Сапардын башталышы Париж — Шарль-де-Голль
Көздөгөн жери Каир аба майданы
Катышуучулардын саны 66, 56, 10
Аман калгандардын саны 0
Дайынсыз жоголгондордун саны 0
Каза болгондордун саны 66, 56, 10
Транспорт каражаттары Airbus A320
Тейлөөчү EgyptAir
Иликтөөчү Египеттин жарандык авиациялык министрлиги
Колдонгону Airbus A320-232
Учакты каттоо SU-GCC
Каттамдын номуру MS804, MSR804
Commons категориясы EgyptAir Flight 804
Map
EgyptAir Flight 804

33°40′33″N 28°47′33″E

EgyptAir 804 каттамындагы кырсык — 2016-жылдын 19-майында болгон ири авиакырсык. EgyptAir авиакомпаниясынын Airbus A320-232 учагы Париж—Каир багыты боюнча MS804 пландуу каттамын аткарып жаткан, бирок учуу бүтөрүнө аз калганда, жээктен 290 чакырым алыстыкта, ​​Жер Ортолук деңизинин үстүндө кабинада өрт чыккан. Учак спираль түрүндө ылдыйлап барып, Грекия аралдарына жакын сууга кулап түшкөн. Учакта болгон 66 адамдын баары — 56 жүргүнчү жана 10 экипаж мүчөсү каза болгон[1][2][3][4][5].

Airbus A320-232 (каттоо номуру SU-GCC, сериясы 2088) 2003-жылы чыгарылган (биринчи каттамды 25-июлда F-WWBH сыноо номуру астында аткарган). Ошол эле жылдын 3-ноябрында EgyptAir компаниясына өткөрүлүп берилген. Эки International Aero Engines V2527-A5 турбо желдеткич кыймылдаткычтары менен жабдылган[6][7][8].

Жүргүнчүлөр жана экипаждар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

MS804 каттамынын экипажы төмөнкүчө болгон:

Учактын командири (PIC) 36 жаштагы Мохаммед Шокейр (англ. Mohammed Shoqeir). Тажрыйбалуу учкуч, EgyptAir авиакомпаниясында 12 жыл иштеген (2004-жылдан бери). Учуу убактысы 6275 саат, анын 2101 сааты Airbus A320 болгон[9]. Экинчи учкуч 24 жаштагы Мохамед Ассем (англ. Mohamed Assem). Учуу убактысы 2766 саатты түзгөн[9]. Учактын кабинасында 5 стюардесса иштеген. Экипаждын курамында 3 коопсуздук кызматкери да болгон.

Жарандыгы[10] Жүргүнчүлөр Экипаждар Баардыгы
 Алжир 1 0 1
 Бельгия 1 0 1
 Канада 1 0 1
 Чад 1 0 1
 Египет 30 10 40
 Франция 15 0 15
 Ирак 2 0 2
 Кувейт 1 0 1
 Португалия 1 0 1
 Сауд Арабиясы 1 0 1
 Судан 1 0 1
 Улуу Британия 1 0 1
Баардыгы 56 10 66
  1. SU-GCC Accident description. Aviation Safety Network (19 -май (бугу) 2016). Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2016.
  2. Найден первый фрагмент тела погибшего при катастрофе A320.
  3. Рейс MS804 исчез на высоте 11 тысяч метров – Egypt Air (орусча) (19 -май (бугу) 2016).
  4. Пропавший самолет EgyptAir мог рухнуть в Средиземное море (орусча). Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2021.
  5. [http://avherald.com/h?article=4987fb09&opt=0 Crash: Egypt A320 over Mediterranean on May 19th 2016, aircraft lost over Mediterranean,болгон. ignal picked up] (англ.). Aviation Herald (19 May 2016). Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2016.
  6. Что известно о разбившемся авиалайнере Airbus A320-232 EgyptAir. Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2021.
  7. Egyptair SU-GCC (Airbus A320 - MSN 2088) | Airfleets aviation.
  8. Please verify your request. Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2021.
  9. 9.0 9.1 В авиакомпании рассказали об опыте пилотов пропавшего A320. Lenta.ru (19 -май (бугу) 2016). Текшерилген күнү 24 -май (бугу) 2016.
  10. Что нам известно об исчезновении рейса EgyptAir MS804?, BBC Rus. Архивировано из первоисточника 21 -май (бугу) 2016. Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2016.